Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарындагы бала бакчанын имараты мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 1996-жылы 2200 чарчы метр жер тилкеси менен бирге, жалпы аянты 533,3 кв.м болгон бала бакчанын имараты курулган, Кыргыз Республикасынын Президентинин ошол кездеги 1995-жылдагы № УП-37 Жарлыгын бузуу менен «Нур-КМ» акционердик коомунун жеке менчигине мыйзамсыз өткөрүлүп берилген.
Жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында социалдык объектинин ээси өзүнүн менчигинин мыйзамсыз экенин түшүнүп, бала бакчанын имаратын жана жер тилкесин мамлекетке өткөрүп берүү боюнча өз ыктыяры менен кайрылган.



