Бүгүн, 24-февралда өлкөнүн көпчүлүк аймактарында кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматынын маалыматында айтылат.
Абанын температурасы төмөндөгүдөй болот:
- Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -3… +2, күндүз 0… +5;
- Талас жергесинде түнкүсүн -4… +1, күндүз +1… +6;
- Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +2… +7, күндүз +12… +17;
- Нарын аймагында түнкүсүн -4… -9, күндүз -4.. +1;
- Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0… -9-5, күндүз +2.. +7;
- Бишкек шаарында түнкүсүн 0… -2, күндүз 0… +2 градус болот.



