Экономика жана коммерция министринин орун басары Медер Туманов Ак-Суу районундагы «Ала-Тоо Резорт» туристтик кластеринин курулушу боюнча көчмө жыйын өткөрдү.
Иш-чаранын алкагында кабыл алынган милдеттенмелердин аткарылышына жана долбоордун ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүлдү.
Мамлекеттик маанидеги «Ала-Тоо Резорт» жыл бою иштей турган тоо-лыжа туристтик кластери долбоору Жыргалаң, Ак-Булак жана Боз-Учук курорттук аймактарында ишке ашырылууда жана эл аралык деңгээлдеги заманбап туристтик борборду түзүүгө багытталган.
Долбоордун негизги көрсөткүчтөрү:
- жалпы аянты — 3 916 га;
- 2038-жылга карата тоо-лыжа трассаларынын узундугу — 250 чакырымга чейин;
- номердик фонд — 7 миңден ашуун номер;
- потенциалдуу келүүчүлөрдүн саны — жылына 4 млн;
- 7 миңден ашуун жаңы жумуш ордун түзүү;
- алдын ала инвестиция көлөмү — болжол менен 1,2 млрд евро.
Делгиленгендей, долбоор 2038-жылга чейин этап-этабы менен ишке ашырылат.
Долбоордун биринчи фазасын «Жыргалаң» участогунда ишке ашыруу үчүн министрлер кабинети тарабынан асма жолдорун долбоорлоо, өндүрүү жана куруу боюнча дүйнөлүк лидер — австриялык Doppelmayr Seilbahnen GmbH компаниясы аныкталган. Компания асма жол инфраструктурасын долбоорлоо, жеткирүү жана куруу боюнча кызмат көрсөтүүчү болуп саналат.
«Жыргалаң» туристтик шаарчасындагы жер тилкелерин ишке ашыруу боюнча аукциондун биринчи этабы 2025-жылдын июль айында өткөрүлүп, анын жыйынтыгында 14төн ашуун объект сатылган. Экинчи этап 2026-жылдын февраль айына пландалган, анын алкагында 35тен ашуун объект аукционго коюу каралууда.
Долбоордун алкагында тоо-лыжа, мейманкана, коммерциялык жана инженердик инфраструктураны этап-этабы менен өнүктүрүү каралган, анын ичинде асма жолдорун, трассаларды, ар түрдүү категориядагы жайгашуу объекттерин, ошондой эле көрктөндүрүү объекттерин куруу иштери бар.
Жыйында долбоордун ишке ашырылышы жана инженердик-геологиялык изилдөөлөрдүн жыйынтыктары каралды. Айрым иштер графиктен алдыда баратканы белгиленип, каржыны өздөштүрүү жана мөөнөттөрдү сактоо маселелери талкууланды.
Медер Туманов мамлекет тарабынан негизги инженердик инфраструктура — унаа жолдору, электр менен суу менен камсыздоо, канализация жана байланыш системалары — курулуп жатканын белгиледи. Ошондой эле инвесторлорду «бирдиктүү терезе» принциби боюнча коштоо уюштурулуп, өз ара аракеттенүүнүн ачык-айкын жол-жоболору камсыздалууда.
» Мамлекет үчүн долбоордун ачык-айкындыгы, мөөнөтүндө аткарылышы жана инвестициянын натыйжалуулугу башкы орунда. «Ала-Тоо Резорт» — туризмди жана аймактык экономиканы көтөрө турган стратегиялык мамлекеттик долбоор», — деди Медер Туманов.
Белгилей кетсек, министрлер кабинетинин токтомуна ылайык кайра түзүлгөн «Ала-Тоо Резорт» ААКтын жалгыз акционери болуп Экономика министрлиги саналат. Буга ылайык, министрлик долбоорду ишке ашырууну координациялоону жана көзөмөлдөөнү улантат.




