7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Абайлаңыз, кар көчкү! ӨКМ айдоочуларга эскертүү берди

406

ӨКМ тоолуу аймактарда кар көчкү түшүү коркунучу жогору экендигин эскертти.

24-февралдан 26-февралга чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга жана аба ырайынын өзгөрүшүнө байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда жана төмөнкү унаа жолдорунда кар көчкү түшүүсү, кар күрткүсү жана жолдордун тайгак болушу күтүлөт:

  • Бишкек — Ош: 121–138-чакырымдары (Төө-Ашуу), 198–265-чакырымдары (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы);
  • Мырзаке – Кара-Кулжа – Алайкуу: 55–115-чакырымдары;
  • Ала-Бука – Каныш-Кыя: 45–112-чакырымдары (Чапчыма ашуусу);
  • Красная-Горка – Акташ: 0–3-чакырымдары;
  • Сары-Таш – Дароот-Коргон –Карамык: 97–98-чакырымдары;
  • Бишкек – Нарын – Торугарт: 292–305-чакырымдары (Долон ашуусу);
  • Арал – Миң-Куш: 1–14-чакырымдары;
  • Арал – Суусамыр: 8–21-чакырымдары;
  • Балыкчы – Казарман – Жалал-Абад: 201–205, 260–290 жана 326–349-чакырымдары (Көк-Арт ашуусу);
  • Каракол – Эңилчек: 45–90-чакырымдары (Чоң-Ашуу ашуусу).

Кырсыктардын алдын алуу максатында, айдоочулар унаалардын ортосундагы 500 метр аралыкты так сакташы зарыл.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан тиешелүү Жарандык коргонуу кызматтарына жана президенттин облустардагы өкүлдөрүнө шашылыш билдирүүлөр (телефонограммалар) жөнөтүлдү.

Ошондой эле калкка уюлдук операторлор, радио жана телеберүүлөр аркылуу эскертүүлөр берилүүдө.

407