7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстан менен Мальдив аралдары түз аба каттамын ачууга кызыкдар

259

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Мальдивдин тышкы иштер министри Абдулла Халил менен жолукту.

Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушуу 23-февралда Женева шаарында БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинин жана Куралсыздануу боюнча конференциянын Жогорку деңгээлдеги сегменттерине катышуунун алкагында өттү.

Тараптар саясий, экономикалык жана маданий байланыштарды бекемдөөнү талкуулашты. Ошондой эле эки өлкө ортосунда түз аба каттамын ачууга кызыкдар экендиктерин билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө көп тараптуу форматтагы өз ара аракеттенүүгө өзгөчө көңүл бурулду. Сүйлөшүүлөрдүн катышуучулары Кыргызстан менен Мальдивдин ортосунда кызматташтыкты кеңейтүүгө жана достук мамилелерди өнүктүрүүгө өз ара кызыкдар экенин ырастады.

Жолугушуунун аягында Кулубаев мальдив тарапты 2026-жылы өтө турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына жана 2027-жылдын октябрь айында өткөрүлө турган II Глобалдык тоо саммитине катышууга чакырды.

260