7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Улуттук банк эсептик ченди 12%га көтөрдү

277
Кыргызстанда эсептик чен 12 пайызга жогорулады. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди.
Башкы банк «экономикада инфляцияга түрткү болуучу факторлорго» байланыштуу ушундай чечим кабыл алганын билдирди.
Эсептик чен — өлкөдөгү насыя жана депозиттердин пайыздык ченине таасир этүүчү негизги көрсөткүч. Эгер эсептик чен жогору болсо банктар үчүн акча кымбаттайт, демек, калк жана бизнес үчүн насыя да кымбат болот. Мында жарандар жана бизнес аз карыз алат, чыгымы аз болот. Натыйжада акча жүгүртүү азайып, суроо-талап төмөндөйт. Товарлар менен кызматтардын баасы жай өсөт же түшөт. Демек, инфляция басаңдайт.
278