7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президенттин тапшырмасы менен Манас шаарында 6 жаңы мектептин курулушу башталды

17

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, 2026-жылы республикалык бюджеттин эсебинен Бишкек шаарында — 20, Ош шаарында — 10 жана Манас шаарында — 6 жаңы мектептин курулушу пландалган. Бул тууралуу Курулуш министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Аталган тапшырманын алкагында бүгүн, 25-февралда Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев иш сапары менен Жалал-Абад облусуна барды.

Манас шаарында курулуучу объектилердин тизмеси:
1. Көк-Арт муниципалдык аймактык башкармалыгына караштуу Ак-Тилек кичи шаарчасындагы Достук кичи көчөсү 25/2 дарегинде 375 орундуу жаңы мектеп;
2. Курманбек муниципалдык аймактык башкармалыгына караштуу Г. Мамбеталиев көчөсүндө 650 орундуу жаңы мектеп;
3. Т. Тайгараев атындагы муниципалдык аймактык башкармалыгына караштуу Чолок-Терек айылынын А. Керимбеков көчөсү 167 дарегинде 275 орундуу жаңы мектеп;
4. Спутник кичи шаарчасынын Р. Азизов көчөсү 13 дарегинде жайгашкан мектепке 650 орундуу кошумча корпус;
5. Достук муниципалдык аймактык башкармалыгына караштуу №5 Б. Осмонов атындагы орто мектепке (Л. Фурманов көчөсү 5) 275 орундуу кошумча корпус;
6. Достук кичи шаарчасындагы №21 Ж. Болотов атындагы орто мектепке 275 орундуу кошумча корпус.

Белгилей кетсек, учурда өлкө боюнча Бишкек, Ош жана Манас шаарларында окуучулардын саны мектептердин долбоордук кубаттуулугунан бир нече эсеге жогору. Ушуга байланыштуу республикалык бюджеттин эсебинен аталган үч шаарда жалпысынан 36 жаңы мектептин курулушу пландалып, этап-этабы менен ишке ашырылууда.

18