7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Май 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

ЮНЕСКО VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына патронаж көрсөттү

234

ЮНЕСКОнун Башкы директору Халед аль-Анани VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына патронаж берүү чечимин кабыл алды. Оюндары 2026-жылдын 30-августунан 6-сентябрына чейин Кыргызстанда өтөт.

Бул чечим ЮНЕСКО иштери боюнча Улуттук комиссиясынын, Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарынын Эл аралык катчылыгынын жана КРнын Париждеги ЮНЕСКОдогу Туруктуу өкүлчүлүгүнүн биргелешкен ишинин натыйжасында кабыл алынды.

ЮНЕСКОнун Башкы директору менен болгон жолугушууда Кыргызстандын ЮНЕСКОдогу Туруктуу өкүлү Садык Шер-Нияз Өкмөттүн расмий кайрылуусун жеткирди, анда ал келе жаткан оюндарына патронаж берүү суралган.

Патронаждын берилиши 2026-жылкы Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарынын салттуу спорт жана оюн түрлөрүн сактоо жана илгерилетүү боюнча дүйнөлүк маанидеги демилге катары эл аралык таанылышын тастыктайт — бул материалдык эмес маданий мурастын маанилүү бөлүгү.

ЮНЕСКОнун патронажы эл аралык катышууну кеңейтүүгө жана Кыргызстандын маданий мурасын дүйнөлүк деңгээлде илгерилетүүгө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.

235