7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Манас» аэропортунда беш кабаттуу унаа токтотуучу жай курулууда

17

«Манас» эл аралык аэропортунда көп деңгээлдүү унаа токтотуучу жайдын курулушу уланууда. Бул тууралуу «Кыргызстан аэропорттору» ААК башкармалыгынын башчысы Манасбек Самидинов социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Анын айтымында, бул аэропортту реконструкциялоо боюнча жалпы стратегиянын маанилүү бөлүгү болуп саналат.

«Биз жүргүнчүлөр үчүн заманбап жана ыңгайлуу инфраструктура түзүп жатабыз. Унаа токтотуучу жайдын жалпы аянты болжол менен 24 миң чарчы метрди түзүп, 650 унаага ылайыкталган эки блоктон жана беш кабаттан турат.

Жүргүнчүлөрдүн ыңгайлуулугун жана коопсуздугун камсыздоо максатында имарат толук түрдө автоматташтырылган контролдоо жана башкаруу системалары менен жабдылат. Ыңгайлуулукка өзгөчө көңүл буруп жатабыз, алсак, жүргүнчүлөр терминалга оңой жана коопсуз жетүүсү үчүн унаа токтотуучу жай менен аэробекеттин ортосунда жабык өтмөк курулат», — деп жазды ал.

Самидинов курулуш иштерин 2026-жылдын июль айында бүтүрүү пландалып жатканын кошумчалады.

18