7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров: Жакынкы Чыгышта калган 300 жаран Оман аркылуу өлкөгө алынып келинет

308

Президент Садыр Жапаров Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүндө калып, ата мекенине кайта албай жаткан жарандарды эвакуациялоо боюнча иштер тынымсыз жүрүп жатканын билдирди.

Анын айтымында, Бириккен Араб Эмираттарында учуп-конууга убактылуу тыюу салынганына байланыштуу, Оман мамлекети менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, эки учак жалдоо боюнча макулдашууга жетишилди. Бул каттамдар аркылуу 300гө жакын жаранды алып келүү пландалууда.

Мамлекет башчы белгилегендей, эгерде БАЭ тарабынан учуп-конууга уруксат берилсе, калган жарандарды да бир күндүн ичинде алып чыгуу мүмкүнчүлүгү бар.

Эвакуациялоо иштеринде биринчи кезекте жаш балдар жана аялдар Оман аркылуу алып келинет.

Президент жарандарды сабырдуулукка чакырып, мамлекеттик органдар тарабынан бардык аракеттер көрүлүп жатканын белгиледи.

309