7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстандын позициясы өзгөрүүсүз: Бардык маселелер диалог жолу менен чечилет

416

Кыргызстандын министрлер кабинети жакында Financial Times басылмасында жарыяланган макала боюнча түшүндүрмө берди.

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев менен болгон маекте мүмкүн болуучу санкцияларга байланыштуу гипотетикалык сценарий талкууланды. Өкмөттүн позициясы, бул сүйлөшүүдө чагылдырылгандай, Кыргызстан Европа биримдигине каршы эч кандай соттук териштирүүнү баштоого ниеттенбейт жана эч кандай демилге көтөрбөйт.

Кыргызстандын позициясы ырааттуу жана өзгөрүүсүз бойдон калууда. Кыргызстан улуттук мыйзамдарга, өзүнүн эл аралык милдеттенмелерине жана эл аралык укукка толук ылайык аракеттенет. Экспорттук контроль жана санкциялык режимдерди сактоо маселелери эл аралык өнөктөштөр менен макулдашуу жана диалог аркылуу гана чечилет.

Евробиримдиктин өкүлдөрү менен болгон байланыштарыбызда талкуулар процедуралык ачык-айкындуулукка, маалымат алмашууга жана жөнгө салуу механизмдерин андан ары чыңдоого багытталган. Соттук же тирешүү чаралары биздин мамилебизге кирбейт.

Кыргызстан Европа биримдиги менен конструктивдүү өнөктөштүккө жана келип чыккан бардык маселелерди белгиленген укуктук жана дипломатиялык механизмдердин алкагында чечүүгө умтулат. Министрлер кабинети Кыргызстан Россияга каршы санкцияларга байланыштуу Евробиримдикке сотко кайрылууга ниеттенбей турганын ырастайт.

417