Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын төрөт стационарында үч эм төрөлдү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирет.
Маалыматка ылайык, 20-февралда Ош облусунун Өзгөн районунун Мырза Аке айыл аймагынын 22 жаштагы тургуну үч эм кызды жарык дүйнөгө алып келди.
Азыркы убакта балдардын абалы жакшы, төрөлгөн учурда салмактары 1800, 2220 жана 2320 грамм болгон.
Эртең, 4-мартта балдарды төрөт стационарынан үйүнө чыгаруу пландалууда.



