7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Сулайман-Тоо» милиция бөлүмүнүн кызматкери 200 АКШ доллар опузалап кармалды

286

Ош ШИИБдин «Сулайман-Тоо» милиция бөлүмүнүн кызматкери 200 АКШ доллар акча каражатын опузалап талап кылгандыгы үчүн кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, милициянын улук лейтенанты М.А.Ж. тарабынан акча каражатын талап кылуу фактысы аныкталган.

Тактап айтканда, М.А.Ж. кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, А.Х.Д.дан ага карата катталган тергөөгө чейинки текшерүүнүн материалдарын карап чыгуу маселеси боюнча оң чечим кабыл алуу үчүн 200 АКШ доллары өлчөмүндө акча талап кылгандыгы такталган. Натыйжада улук лейтенант М.А.Ж. акча каражаттарын алып жаткан учурда кармалды. Учурда УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

287