7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ошто жол кыймылынын кызматкери «алдамчылык» фактысы боюнча кармалды

404

ИИМдин ЖКККББнын кызматкери «алдамчылык» фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2025-жылдын август айында Ош ШИИБдин патрулдук милиция бөлүмүнүн кызматкери айдоочулук күбөлүк алууга жардам берүү үчүн К.Ы. жана Т.Д. аттуу жарандардан 50 миң сом, жалпысынан 100 миң сом акча алган. Аталган акча каражаттары патрулдук милиция бөлүмүнүн кызматкери тарабынан берилген реквизиттерге «Мбанк» мобилдик банктык тиркемеси аркылуу өткөрүлүп берилген.

Бул факты боюнча 2026-жылдын 4-мартында тергөө органдары тарабынан КР ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын Ош ШИИБдин патрулдук милиция бөлүмүнүн кызматкери кармалып, КР УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Азыркы учурда тиешелүү тергөө иш-чаралары улантылууда.

405