Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Президент Садыр Жапаровго Жакынкы Чыгыштагы чыңалган кырдаал тууралуу маалымат берди. Бул тууралуу Президенттин Администрациясынын басма сөз кызматы билдирди.
Өзгөрүп жаткан кырдаалды эске алуу менен, Мамлекет башчысы Тышкы иштер министрлигине Иран Ислам Республикасындагы Кыргыз элчилигинин кызматкерлеринин коопсуздугун камсыз кылуу боюнча зарыл чараларды көрүүнү тапшырды.
Бул чаралар дипломатиялык өкүлчүлүктүн кызматкерлеринин жана алардын үй-бүлөлөрүнүн өмүрүнө жана ден соолугуна келтирилиши мүмкүн болгон тобокелдиктерди минималдаштырууга багытталат.



