Кыргызстан – Кытай – Өзбекстан темир жолунда тоннелдерди казуу иштери жүрүүдө
87
Кыргызстан – Кытай – Өзбекстан темир жолунун курулушу боюнча учурда тоннелдерди казуу иштери жүрүүдө. Бул тууралуу транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди.
Маалым болгондой, убактылуу электр линияларын орнотуу иштери аяктады. Темир жолдун бүт участогу боюнча 192,323 чакырым убактылуу жолдор курулду. Ошондой эле, айрым участоктордо жер казуу иштери башталып, жер полотносун түзүү боюнча иштер жүрүп жатат. Айта кетсек, долбоордо 29 тоннелдин курулушу каралып, барында жер астындагы казуу иштери жүргүзүлүүдө.
Коридор боюнча жалпы 3 ири тоннел курулушу пландалган, ар биринин узундугу 12 чакырымдан ашат:
1. Нарын №1 тоннели;
2. Кош-Добо тоннели;
3. Фергана тоннели.
Кыргызстан – Кытай – Өзбекстан темир жолунун жалпы узундугу болжол менен 530 чакырымдан ашат, анын ичинен 304 чакырымга жакыны Кыргызстандын аймагынан өтөт.