7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

“Айгүл гүлү” эл аралык фестивалы баткен шаарында өтөт

66

20–21-апрель Баткен шаарында кызыл китепке кирген сейрек кездешүүчү Айгүл гүлүн даңазалоого арналган “Айгүл гүлү” эл аралык фестивалы өткөрүлөт. Бул тууралуу маданият министрлиги билдирди.

Фестивалдын негизги максаты — Айгүл гүлүн эл аралык деңгээлде таанытуу.
Министрлик маалымдагандай, иш-чарага Баткен районунун айыл аймактарынан келген катышуучулар менен катар коңшу Өзбекстан жана Тажикстан өлкөлөрүнүн өкүлдөрү да катышат. Өнөрпоздордун чеберчилигин эл аралык деңгээлдеги калыстар тобу баалайт.
Фестивалдын алкагында төмөнкү номинациялар боюнча сынактар уюштурулат:

-Кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөсү
-Улуттук тамак-аштардын жарманкеси
-Элдик ырлар жана аспаптык музыканы жандуу аткаруу сынагы
Ар бир номинация боюнча жеңүүчүлөргө акчалай сыйлыктар каралган:
1-орун — 30 000 сом
2-орун — 20 000 сом
3-орун — 10 000
Фестивалдын программасы эки күнгө пландалган:
Биринчи күндө — расмий ачылыш аземи, ыр-күү сынактары жана жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи өтөт.
Экинчи күндө — кол өнөрчүлүк, гүлдөр жана улуттук тамак-аш көргөзмөлөрү уюштурулуп, катышуучулар үчүн Муз-Булак коругу аймагына таанып-билүү саякаты өткөрүлөт.

67