7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Эсеп-фактура деген эмне?

1

Эсеп-фактура — бул товар сатууда, жумуштарды аткарууда жана кызмат көрсөтүүдө салык төлөөчүлөр тарабынан таризделүүчү салык документи.
Ал келишимди тастыктайт жана кошумча нарк салыгын (КНС) эсепке алуу үчүн колдонулат.

Эсеп-фактура эмне үчүн керек?
• Кошумча нарк салыгын эсептөө жана чегерүү үчүн
• Келишимди тастыктоо үчүн
• Салык отчеттуулугу үчүн
• Туура бухгалтердик эсеп жүргүзүү үчүн

Эсеп-фактурасыз КНСти чегерүүгө болбойт.
Документте сатуучунун жана сатып алуучунун реквизиттери, ошондой эле товарлардын же кызматтардын аталышы, суммасы жана КНС көрсөтүлөт.
Кыргызстанда эсеп-фактура электрондук түрдө гана таризделет.

Жалган эсеп-фактура деген эмне?

Жалган эсеп-фактура — бул чыныгы келишими жок таризделген жасалма документ.
Башкача айтканда, кагаз жүзүндө операция бар, бирок иш жүзүндө товар же кызмат көрсөтүлгөн эмес.

Аны эмне үчүн колдонушат?

— салык милдеттенмелерин мыйзамсыз азайтуу үчүн
— КНС боюнча негизсиз чегерүү алуу үчүн

Бул эмнеге алып келет?
Жалган эсеп-фактураны колдонуу — мыйзам бузуу болуп саналат.

Бул төмөнкүлөргө алып келиши мүмкүн:
— салыктарды кошумча эсептөө
— айып пулдар жана туумдар
— ал тургай кылмыш жоопкерчилигине.

Чыныгы келишимдер жана туура документтер менен гана иштөө — бул сиздин салык төлөө маданиятыныздын жана салыктык коопсуздугуңуздун кепилдиги.

2