7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров ЖККУ Башкы катчысы Таалатбек Масадыковду кабыл алды

19

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 17-апрелде, Жамааттык кызматташтык жөнүндө келишим уюмунун Башкы катчысы Таалатбек Масадыковду кабыл алды.

Өлкөлөрдүн жамааттык коопсуздугун бекемдөө, учурдагы чакырыктарга жана коркунучтарга, анын ичинде экстремизм жана терроризмге каршы күрөшүү, ошондой эле Уюмга мүчө-мамлекеттердин биргелешкен чараларынын натыйжалуулугун арттыруу маселелери талкууланды. Мамлекет башчысы Кыргызстандын өкүлүнүн Уюмдун Башкы катчысы кызматына дайындалышы маанилүү окуя экенин баса белгилеп, Таалатбек Масадыковго Уюмдун ишин мындан ары чыңдоого, анын кадыр-баркын жана жамааттык коопсуздукту камсыз кылууга багытталган миссияны ишке ашырууда ийгиликтерди каалады.

Президент 2025-жылы төрагалык кылган мезгилде Кыргызстан мамлекеттер аралык саясий диалогду чыңдоого, биргелешкен механизмдердин натыйжалуулугун жогорулатууга жана практикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурганын айтты.

“Мисал катары Кыргызстан тарабынан демилгеленген киберкоопсуздук боюнча биринчи эл аралык конференцияны белгилөөгө болот. Ал жогорку деңгээлде жана натыйжалуу өткөрүлдү”, — деди Садыр Жапаров жана учурда Кыргызстан Шанхай кызматташтык уюмуна төрагалык кылып жатканына токтолду.

Ал ЖККУ менен ШКУнун үч тараптуу макулдашуулардын негизиндеги кызматташуусу Евразия мейкиндигинде коопсуздукту камсыз кылууга жана туруктуу өнүгүүгө кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзөрүнө ишеним билдирди. Өз кезегинде Таалатбек Масадыков Мамлекет башчысына жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, аймактык коопсуздукту чыңдоо үчүн учурдагы диалогдун маанилүүлүгүнө өзгөчө токтолду. Ал Президентке 2025-жылдын ноябрь айында Бишкек шаарында өткөн Жамааттык коопсуздук кеңешинин жыйынында кабыл алынган чечимдердин аткарылышынын жүрүшү жөнүндө маалымат берип, ЖККУга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын тапшырмаларын аткаруу үчүн бардык күч-аракеттер жумшалаарын баса белгиледи.

Жолугушуунун соңунда Садыр Жапаров жана Таалатбек Масадыков Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун аймактык коопсуздукту жана туруктуулукту камсыз кылуудагы негизги фактор катары ролу мындан ары дагы чыңдала берерине ишеним билдиришти.

20