Жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатуу жана жол-транспорт кырсыктарын алдын алуу максатында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы айдоочулардын көңүлүн оң рулдуу транспорт каражаттарын пайдаланууда мыйзам талаптарын так сактоо зарылдыгына бурат.
Кыргыз Республикасынын «Автомобиль транспорту жөнүндө» Мыйзамына киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, 2020-жылдын 1-январынан тартып оң рулдуу транспорт каражаттарына жүргүнчүлөрдү коммерциялык негизде ташууга жана такси кызматын көрсөтүүгө тыюу салынган. Бул чаралар жол кырсыктарынын санын азайтууга жана жол кыймылынын бардык катышуучуларынын коопсуздугун камсыздоого багытталган.
Өзгөчө кооптуу жагдайлардын бири — каршы тилкеге чыгып, озуп өтүү болуп саналат. Көрүнүү чектелген шарттарда мындай аракеттер оор кесепеттерге алып келиши мүмкүн. Жол кыймылынын эрежелерин сактабоо жана ылдамдыкты ашыруу жол-транспорт кырсыктарынын негизги себептеринин бири бойдон калууда.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы бардык айдоочуларды жолдордо өтө кылдат болууга, белгиленген ылдамдык режимин сактоого жана кооптуу маневрлерге жол бербөөгө чакырат.



