Ысык-Ата районуна караштуу Новопокровка – Туз унаа жолунда асфальт төшөө иштери башталды. Бул тууралуу «Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасынан билдиришти.
Учурда жолдун 12-14-чакырым аралыгында асфальт төшөө иштери жүргүзүлүүдө. Жол куруу долбоору жылдын Титулдук тизмесине киргизилип, иштер №43 Жол тейлөө ишканасы тарабынан аткарылууда.
Бул иштер аймактагы жол инфраструктурасын жакшыртууга, унаа кыймылынын коопсуздугун жогорулатууга жана тургундар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган.



