«Эмнеге кол чаап жатасыңар?» Оштун мэри соодагерлердин көйгөйлөрүн укту
17
Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев унаа тетиктер жана курулуш базарынын соодагерлери менен жолукту. Буга чейин соодагерлер Ош шаардык мэриясынын имаратына келип, калаа башчысына кайрылуу жасашкан.
Соодагерлер муниципалдык жайга өткөн жылы көчүп келишкенин, бирок шаардын башка аймактарында унаа тетиктери жана курулуш материалдары сатылган жайлар ишин улантып жаткандыктан, бул базарга кардарлар аз келип жатканын билдиришти. Алар башка даректердеги соода жайларын жабуу же ушул базарга көчүрүү зарылдыгын көтөрүштү.
Мындан тышкары, базардын аймагына транспорттук каттамдарды көбөйтүү жана салык төлөмдөрүн убактылуу токтотуп туруу маселелери да айтылды. Шаар башчысы соодагерлердин көйгөйлөрүн угуп, маселени чечүү үчүн тиешелүү органдарга, анын ичинде прокуратурага кат жибериле турганын билдирди.
Белгилей кетсек, өткөн жылы Көкүм бий көчөсүндөгү бул муниципалдык базарга соодагерлер 3 этап менен жылдырылган.