7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Дене тарбия жана спорт тармагындагы кызматкерлердин эмгек акысы жогорулатылды

320

Кыргыз Республикасында дене тарбия жана спорт тармагындагы кызматкерлердин эмгек акысын жогорулатууга багытталган Министрлер кабинетинин тиешелүү токтому кабыл алынды.Чечим Садыр Жапаровдун  2026-жылдын 26-мартындагы №121 “Кыргыз Республикасынын бюджеттик чөйрөсүнүн айрым кызматкерлеринин эмгек акы төлөө шарттарын өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу максатында, ошондой эле “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” конституциялык Мыйзамынын 13 жана 17-беренелерине ылайык кабыл алынды. Кабыл алынган токтомго ылайык, 2026-жылдын 1-апрелинен тартып тармак кызматкерлери жогорулатылган эмгек акы алышат. Бул чара кызматкерлердин ишинин натыйжалуулугун жана сапатын жогорулатууга, материалдык кызыкчылыгын күчөтүүгө жана тийиштүү эмгек шарттарын түзүүгө багытталган.

Токтомду ишке ашыруунун алкагында бардык зарыл финансылык-экономикалык эсептөөлөр жүргүзүлдү. Документке ылайык, кызматкерлердин эмгек акысы 50 пайызга жогорулатуу каралган, ошондой эле кошумча 15 000 сом өлчөмүндө көбөйтүү белгиленген. Мындан тышкары, 5 000 сом өлчөмүндө президенттик компенсация каралган. Спорт чөйрөсүндө 4 367 кызматкердин айлык акысы көтөрүлүүдө.

Кабыл алынган чечим дене тарбия жана спорт тармагын колдоо жана өнүктүрүү, ошондой эле тармак кызматкерлеринин социалдык статусун жогорулатуу боюнча мамлекеттик саясаттын ырааттуу уландысы болуп саналат.

321