7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент: Депутаттарды саясий оюндардан алыс болуп, элдин кызыкчылыгы үчүн иштөөгө чакырат элем

24

Президент Садыр Жапаров Kaktus.mediaга берген маегинде “75 адамдын каты” боюнча маалыматты башынан эле көзөмөлдөп, Жогорку Кеңешке чейин жетишин жана документке байланышкан бардык кыймылдарды байкап турганын билдирди.

“Маселе парламенттин пленардык жыйынына чыгарылмак болгондо, мен ыкчам жана чечкиндүү чараларды көрдүм. Кырдаал башынан эле көзөмөлдө болгон.

Мандатын тапшырган депутаттар боюнча айтсам, мурдагы маегимде белгилегендей, Жогорку Кеңеште саясий интригаларды жүргүзүүгө аракет кылган белгилүү бир топ түзүлгөн. Алардын пландары ишке ашпай калгандан кийин, болуп өткөн окуяларга тиешеси бар айрым депутаттар өз күнөөсүн түшүнүп, ошого байланыштуу мандаттарын тапшырган болушу мүмкүн.

Тергөө иштери аяктагандан кийин акыркы жыйынтыктар чыгарылат. Жалпысынан мен депутаттарды саясий оюндардан алыс болуп, элдин кызыкчылыгы үчүн мыйзам чыгаруу ишине жана мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөөгө көңүл бурууга чакырат элем”.

25