7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын АКШдагы Элчиси Эдил Байсаловду кабыл алды

279
Президент Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын Америка Кошмо Штаттарындагы жаңы дайындалган Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Эдил Байсаловду кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушуунун жүрүшүндө Эдил Байсалов Мамлекет башчысына өткөн аптада өткөрүлгөн кыргыз-америкалык саясий консультациялардын жыйынтыктары, ошондой эле Министрлер Кабинетинин Төрагасы — Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиевдин Америка Кошмо Штаттарынын Мамлекеттик катчысы Марко Рубио менен сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыктары тууралуу маалымат берди.
Садыр Жапаров кыргыз-америкалык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүнө токтолуп, эки тараптуу күн тартибинин негизги артыкчылыктарын, анын ичинде соода-экономикалык, инвестициялык жана социалдык-гуманитардык өз ара аракеттенүүнү илгерилетүүнү белгиледи. Мамлекет башчысы Элчиге Кыргызстандын улуттук кызыкчылыктарын алдыга жылдыруу, ошондой эле Америка Кошмо Штаттары менен өз ара пайдалуу өнөктөштүктү бекемдөө боюнча ишти активдештирүүнү тапшырды.
Жолугушуунун жүрүшүндө Садыр Жапаров ошондой эле Эдил Байсаловго Президенттин Эл аралык демилгелер боюнча атайын өкүлүнүн кошумча функцияларын жүктөп, ага Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси жогорку дипломатиялык рангын ыйгарды.
280