7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ташиев мамлекетке келтирген зыянын кайтаргандан кийин гана бошотулушу мүмкүн

17

Президент Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Шаирбек Ташиевдин камалышы боюнча kaktus.mediaга берген маегинде билдирүү жасады.

Анда анын иши тергөөдө экенин айтып, мыйзам баарына бирдей экенин белгиледи. Ал мамлекетке келтирилген 4 млрд 115 млн сом зыян толук кайтарылгандан кийин гана бошотуу маселеси каралышы мүмкүн экенин айтты.

“Мен бийликке келгенден бери бир нече жолу айтып келем: мен үчүн “дос”, “тууган”, “жакын адам” деген түшүнүктөр жок. Ар дайым мамлекеттин жана элдин кызыкчылыгы биринчи орунда турат. Эгер мыйзам бузулса, эч ким жоопкерчиликтен качып кутула албайт.
Тергөө “Кыргызнефтегаз” ишканасындагы коррупциялык схемага Шаирбек Ташиевдин тиешеси бар экенин аныктаган. Натыйжада мамлекетке 4 млрд 115 млн сом өлчөмүндө зыян келтирилген. Бул сумма толук бойдон бюджетке кайтарылгандан кийин гана аны бошотуу маселеси каралышы мүмкүн.

Буга чейин кармалгандардын бары ага каршы көрсөтмө берген жана ал өзү да күнөөсүн мойнуна алган. Мыйзам баарына бирдей болушу керек. Буга чейин УКМК жана ИИМ тарабынан кармалган адамдардын бары келтирилген зыянды, зарыл болсо ашыгы менен төлөп берген. Андан кийин гана алар бошотулган. Шаирбек Ташиев да ушундай жол менен иш кылышы керек. Адегенде баарын кайтарып бериши керек, андан кийин гана эркиндикке чыгышы мүмкүн”.

18