Бишкектин түштүк тарабында ачылган “Евразия” паркынын жери жеке компанияга берилген. Анда эч кандай саясий өңүт жок. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров kaktus.mediaга берген маегинде билдирди.
Бул жерде эч кандай саясат жок. Парк куруу үчүн 15 жылга 10 га жер бөлүп берүүдө биздин негизги талап жана өтүнүч — 15 жашка чейинки балдар үчүн акысыз болушу керек. Себеби бардык эле ата-энелер балдарын паркка алып барып, аттракциондор үчүн төлөй албайт. Биздин максат балдарыбыз өзүн кем сезбесин, баарына бирдей бактылуу балалык берели деген принцип болду.
Бул балдардын келечеги үчүн да маанилүү: алар кемсинүү сезими жок өсүшү керек. Балалыктагы бактылуу учурлар өмүр бою эсинде калат.
Мен өз балалыгымды эстейм: Караколдогу паркка баруу биз үчүн чоң майрам болчу. Тилекке каршы, анда акысыз аттракциондор жок эле — канча акча болсо ошончо ойночубуз да, кайра үйгө кайтабыз. Ошондуктан бул паркта саясий маани издөө туура эмес.



