Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Талас шаарындагы бир катар ири долбоорлордун жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу аталган министрлик билдирди.
Алардын бири — «Баластан» балдар оюн-зоок борбору. Объекттин курулушу 2025-жылы башталган, учурда иштердин болжол менен 45–50%ы бүткөрүлгөн.
Министр курулуштун жүрүшүн жеринен көрүп чыгып, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана тиешелүү кызматтарга бир катар тапшырмаларды берди.
Комплекстин жалпы аянты 6,5 гектарды түзүп, 9 корпустан турат. Келечекте ал шаардагы маданий жана экономикалык борборлордун бирине айланат деп күтүлүүдө. Долбоордо аттракциондор, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн оюн аянтчалары, заманбап кинотеатр, конгресс-зал жана коомдук тамактануу жайлары каралган.
Объект пайдаланууга берилгенден кийин 200дөн ашуун жумуш орду түзүлөт.



