Кыргызстандын курамасы командасы каратэ боюнча дүйнө чемпионатында 4-орунду ээледи
5
24-26 апрель күндөрү Түркиянын Стамбул шаарында Каратэ-до шотокан WSF боюнча XVI дүйнө чемпионаты жана биринчилиги өттү. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт министрлиги билдирди.
Маалым болгондой, аталган мелдешке 21 мамлекеттин спортсмендери катышып, Кыргызстандын атынан каратэ-до шотокан WSF боюнча Улуттук федерациясынын курама командасы ат салышты.
Мелдештердин жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын курама командасы жалпы 33 медаль утуп, командалык эсеп боюнча 4-орунду ээледи.
Жеңүүчүлөрдүн тизмеси:
Эркектер арасында алтын медаль ээлери:
Жанибек Исаев (-52 кг)
Даниил Адамов (-70 кг)
Атабек Турдугулов (-70 кг)
Бакай Мирланов (-75 кг)
Артур Назарбеков (-76 кг)
Усон Абдибаситов (+76 кг)
Күмүш медаль ээлери:
Нуржигит Аманбеков (-40 кг)
Артём Кузнецов (-55 кг)
Нурдоолот Рысбеков (55кг+)
Чынгыз Айтбеков (-70 кг)
Мырзакун Асылбеков (-76 кг)
Коло медаль ээлери:
Барсбек Аскаров (-45 кг)
Актан Балкияев (-52 кг)
Нурсултан Рахманов (-57 кг)
Жолдубай Усенов (-60 кг)
Изатбек Калыбеков ( -67 кг)
Нурсултан Усонов ( -75 кг)
Шайырбек Осмонов (+75 кг)
Аманбол Талайбеков (+84 кг)
Кыз келиндер:
Алтын медаль ээлери:
Айдай Алмазбекова ( -38 кг)
Элеонора Кочкорова (-40 кг)
Аяна Замирбекова ( +40 кг)
Айтунук Турсунбекова ( -50 кг)
Жанерке Турдалыева (-54 кг)
Баяна Замирбекова ( +59 кг)
Жаркынай Эрнисова (-61 кг)
Күмүш медаль ээлери:
Жанат Джапарова (-47 кг)
Маржан Нурланова ( -54 кг)
Коло медаль ээлери:
Сабина Камчыбекова (-38 кг)
Сафия Калмаматова (-44 кг)
Аруна Рысбекова (-61 кг)
Ажар Орозалиева (-61 кг)
Айсулуу Баялиева (35–44 жаш)