Того Республикасынын Министрлер Кеңешинин Төрагасы Фор Эссозимна Гнассингбенин Кыргыз Республикасына болгон расмий сапарынын алкагында бүгүн, 29-апрелде, билим берүү, айыл чарба, саламаттык сактоо, инвестицияларды коргоо, санариптик өнүгүү жана маалымат технологиялары жаатындагы өз ара аракеттенүүнү күчөтүүгө багытталган бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду.
Кол коюлган эки тараптуу документтер:
Кыргызстандын Министрлер Кабинети менен Того Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломаттык, расмий жана кызматтык паспорттордун ээлерин визалык талаптардан өз ара бошотуу жөнүндө макулдашуу;
Кырызстандын Министрлер Кабинети менен Того Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Инвестицияларды колдоо жана өз ара коргоо жөнүндө макулдашуу;
Кыргызстандын Министрлер Кабинети менен Того Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Маданият жаатындагы кызматташтык жөнүндө макулдашуу;
Кыргызстандын Министрлер Кабинети менен Того Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Санариптик өнүктүрүү жана маалыматтык технологиялар чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандум;
Кыргызстандын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги менен Того Республикасынын Улуттук билим берүү министрлигинин ортосундагы жогорку билим берүү тармагындагы кызматташтык тууралуу өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
Кыргызстандын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги менен Того Республикасынын Айыл чарба, балык уулоо, мал чарба жана азык-түлүк коопсуздугу министрлигинин ортосундагы айыл чарба жаатындагы кызматташтык жөнүндө макулдашуу;
Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги менен Того Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин ортосундагы саламаттык сактоо тармагындагы кызматташтык тууралуу өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасы менен Того Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум.



