Өзбекстанды Бухара облусунун Пешкун районунда жаңы төрөлгөн ымыркайды 8 млн сумга (800 доллар, кыргыз сому менен 64 миң 569, 56) сатууга аракет кылышкан. Бул тууралуу облустун ички иштер башкармалыгы маалымдады.
Маалыматка ылайык, Пешкун районун тургуну апасы менен кеңешип алып, жаңы төрөлгөн баласын сатууну чечкен. Ымыркайды башка кишиге берип жатканда кармалышты.
Кылмыш кодексинин «Адам соодалоо» беренеси боюнча кылмыш иши козголду.