7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ташиевдин ордуна Касымалиев КФБ президенттигине жалгыз талапкер болуп көрсөтүлдү

276

Кыргыз футбол биримдигинин шайлоо комитети жетекчилик кызматтарга талапкерлерди бекитти. Бул тууралуу аталган биримдик билдирди.

Маалым болгондой, министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев биримдиктин башчылыгына жалгыз талапкер болуп көрсөтүлдү. Шайлоо 12-майда КФБнын конгрессинин алкагында өтөт.

Ал эми биримдиктин аткаруу комитетинин мүчөлүгүнө Акылбек Маматов жана Жохан Ералхановдун талапкерлиги көрсөтүлдү.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргыз футбол биримдигинин президенти кызматынан кеткенин уюмдун 15-апрелдеги кезектеги конгрессинде билдирген.

Эскерте кетсек, Ташиев 2024-жылдын 19-февралынан тартып биримдикти жетектей баштаган.

277