Учурда республиканын аймактарында жазгы талаа иштерине даярдык активдүү жүрүүдө. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Бүгүнкү күндө республика боюнча 97 миңден ашык айыл чарба техникасы катталган.
Алардын ичинде:
22 303 трактор;
11 563 соко;
3 497 үрөн сепкич;
15 467 мала;
855 жер семирткич чачкыч;
1 741 арык казгыч;
2 032 жер тегиздегич;
8 926 трактор чиркегичи жана башка техникалар бар.
Жазгы талаа иштерин өз убагында жана сапаттуу жүргүзүү максатында айыл чарба субъекттери тарабынан техникаларды оңдоо жана калыбына келтирүү иштери жүргүзүлдү. Учурда айыл чарба техникаларынын жалпы даярдыгы 89% түздү.
Тактап айтканда:
22 303 трактордун 20 863ү же 93,5%ы;
соколордун 93,7%ы;
үрөн сепкичтердин 93,5%ы;
малалардын 94,8%ы;
жер семирткич чачкычтардын 94,8%ы;
арык казгычтардын 95,2%ы;
жер тегиздегичтердин 93,6%ы;
трактор чиркегичтеринин 90,5%ы талаа иштерине даяр.
Ошондой эле республика боюнча жазгы талаачылык өнөктүгүнө 8 миңден ашык жер айдоочу жана 3,5 миңден ашык себүүчү агрегаттар тартылган. Министрлик тарабынан жазгы талаа иштерин үзгүлтүксүз өткөрүү жана дыйкандарды техникалык жактан камсыздоо боюнча тиешелүү иштер улантылууда.



