7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте «Балдардын жугуштуу ооруларына арналган эл аралык конференция өтөт.

261

26-майда Бишкек шаарында «Балдардын жугуштуу ооруларынын актуалдуу маселелери» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция өтөт. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Маалым болгондой, иш-чаранын негизги максаты балдардын жугуштуу ооруларын өз убагында аныктоо, дарылоо, алдын алуу жана эпидемиологиясынын бүгүнкү күндөгү эң маанилүү маселелерин талкуулоо болуп саналат.

«Конференция ата мекендик жана чет элдик адистердин ортосунда илимий-практикалык тажрыйба алмашууну камсыз кылууга, ошондой эле дарыгерлердин кесиптик деңгээлин жогорулатууга жана балдарга медициналык жардам көрсөтүүнүн заманбап ыкмаларын күнүмдүк практикага киргизүүгө багытталган», — деп белгилешти министрликтен.

Иш-чара И. К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын жыйындар залында өтмөкчү.

262