Дыйкандар жеңилдетилген насыяга онлайн кезекке тура алышат
20
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги АБанк жана Элдик Банк менен биргеликте жеңилдетилген насыя алуу үчүн электрондук кезек системасын ишке киргизерин билдирди.
Маалым болгондой, ушул жылдын 1-июнунан тартып банктарда арыздарды кол менен кабыл алуу жана кезекке каттоо токтотулат. Эми бардык арыздар “iDyikan” санариптик платформасы аркылуу онлайн кабыл алынат.
Жаңы система аркылуу дыйкандар:
• онлайн каттоодон өтө алышат;
• жеңилдетилген насыяга арыз бере алышат;
• аралыктан кезекке тура алышат;
• арыздын абалын реалдуу убакытта көзөмөлдөй алышат.
Министрлик бул система мамлекеттик каражаттарды бөлүштүрүүдөгү ачыктыкты жана ыңгайлуулукту күчөтөрүн белгиледи.
Ошондой эле келечекте “iDyikan” мобилдик тиркемесин ишке киргизүү пландалууда.