Кайыркүл Шаршенбаева Азиянын чемпиону аталды.
Ал 23 жашка чейинки балбандар арасында 72 кг салмак категорияда күч сынашты.
Кыргызстандык балбан Индиянын (15:2), Казакстандын (12:2), Монголиянын (8:5), Өзбекстандын (12:1) спортчуларын утуп чыкты.
Вьетнамдагы чемпионат 31-майга чейин уланат. Учурда Кыргызстандын капчыгында 1 алтын, 1 күмүш жана 4 коло медаль бар.
Посмотреть эту публикацию в Instagram



