7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Май 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

“Кыргызстан аэропорттору” ААК өзүнүн май куюучу комплексин ачты

12

Бүгүн, 26-майда «Манас» эл аралык аэропортунун аймагында «Кыргызстан аэропорттору» ААКтын туунду компаниясы болгон «Асман Ойл Компани» ЖЧКсынын жаңы күйүүчү май куюу комплексинин салтанаттуу ачылышы болуп өттү.

Комплекстин курулушу 2022-жылдын май айында башталып, толугу менен компаниянын өз каражаттарынын эсебинен ишке ашырылган. Бүгүнкү күндө объект толук бүткөрүлүп, ийгиликтүү иштеп жатат.

Авиациялык күйүүчү май сактагычтарынын жалпы көлөмү 8 миң куб метрди түзөт. Жаңы комплекс Кыргызстандын бардык аэропортторундагы аба кемелеринин авиациялык күйүүчү майга болгон муктаждыгын толугу менен камсыздайт.

«Асман Ойл Компани» ЖЧКсы бүгүнкү күндө Кыргызстанда авиациялык күйүүчү май жеткирүүчү алдыңкы компаниялардын бири катары ишенимдүү позицияны ээлейт. 2022–2025-жылдар аралыгында компаниянын таза кирешеси эки эседен ашык өсүп, 518 млн сомдон 1 млрд 205 млн сомго жетти. Бул туруктуу өсүштүн, иштин натыйжалуулугунун жана Кыргызстандын авиация тармагынын ишенимдүү, системалуу жана динамикалуу өнүгүп жаткандыгынын олуттуу көрсөткүчү.

Мындан ары «Асман Ойл Компани» ЖЧКсы «Каракол» жана «Жалал-Абад» эл аралык аэропортторунда ушундай эле күйүүчү май куюу комплекстерин курууну пландаштырууда. Бул өлкөнүн авиациялык күйүүчү май менен камсыздоо инфраструктурасын мындан ары чыңдоого жана Кыргызстандын авиация тармагын өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.

13