Бүгүн, 26-майда, иран тараптын демилгеси менен Президент Садыр Жапаров менен Иран Ислам Республикасынын Президенти Масуд Пезешкиандын телефон аркылуу сүйлөшүүсү болду.
Мамлекет башчылары келе жаткан ыйык Курман айт майрамынын алдында бири-бирин куттукташып, Кыргызстан жана Иран элдерине тынчтык, бакубатчылык жана гүлдөп-өнүгүүнү каалашты. Жолугушуунун жүрүшүндө эки жактуу жана көп тараптуу кызматташтыкты мындан ары да чыңдоо маселелери боюнча пикир алмашылды.
Шанхай кызматташтык уюмунун алкагында өз ара аракеттенүүгө өзгөчө көңүл бурулду. Мамлекет башчысы Кыргызстан ШКУга төрагалык кылуучу өлкө катары Уюмдун тынчтыкты, ишенимди жана конструктивдүү кызматташтыкты камсыз кылуудагы ролун чыңдоого өзгөчө маани берерин айтты.
Тараптар Кыргыз Республикасында өтө турган алдыдагы ШКУ саммитинин өзгөчө маанисине токтолуп, аны жогорку уюштуруучулук жана мазмундук деңгээлде өткөрүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилешти.
Аймактык күн тартибине токтолгон Садыр Жапаров диалогду улантуунун жана келип чыккан бардык маселелерди саясий-дипломатиялык жолдор менен гана чечүүнүн маанилүүлүгүн өзгөчө белгиледи. Кыргыз тарап жаралган кырдаалдын тез арада жөнгө салынышына жана Жакынкы Чыгышта туруктуулуктун калыбына келтирилишине үмүт артарын билдирди.
Мамлекет башчылары сүйлөшүүнүн соңунда кыргыз-иран мамилелерин достук жана өз ара колдоо духунда мындан ары да өнүктүрүүгө өз ара кызыкдар экенин ырасташты.



