7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Шыкмаматов Оштун бюджетин көтөрүү сунушун айтты (ВИДЕО)

170

Президент Садыр Жапаров “Ош шаарында сатуудан алынуучу салыктан жана бирдиктүү салыктан түшүүлөрдү бөлүштүрүү боюнча пилоттук долбоорду өткөрүү жөнүндө” Жарлыкка кол койду.

Жарлыкка ылайык, Министрлер Кабинетине 2026-жылдын 1-июнунан 2027-жылдын 1-июнуна чейинки мезгилде Ош шаарынын жергиликтүү бюджетине төмөнкүдөй пропорцияларды караган сатуудан алынуучу салыктан жана бирдиктүү салыктан түшүүлөрдү бөлүштүрүү боюнча пилоттук долбоорду өткөрүү тапшырылды:

* сатуудан алынуучу салыктын 50 %ы;
* бирдиктүү салыктын 15 %ы.

Пилоттук долбоордун жүрүшүндө шаардык жергиликтүү бюджетке болжол менен 2 млрд сом түшүүсү күтүлүүдө. Эске салсак, буга чейин, 2025-жылдын август айында Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов Ош шаарындагы жаңы борбордук базарда жүргүзүлгөн рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө сатуудан алынуучу салыкты децентралдаштыруу боюнча пилоттук долбоорду ишке ашыруу боюнча демилгесин сунуштаган.

Ал мындай чара көмүскө экономиканы кыскартууга, «көмүскө» схемаларга каршы күрөштү күчөтүүгө өбөлгө түзүп, келечекте жергиликтүү бийлик органдарынын кирешесин көбөйтөрүн белгилеген.

 

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи Канал (@7kanal_official)

171