12 жылдык билим берүүгө өтүүнүн алкагында кайсы класстын окуучулары бир класс аттай турганы белгилүү болду. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен Кактус медиа сайтына билдирди.
Мекемеден түшүндүргөндөй, бешинчи класстын окуучулары 2025-2026-окуу жылында интеграцияланган окуу планы (5+6) боюнча окушкан. Ошондуктан, сентябрь айында алар 12 жылдык билим берүүнүн алкагында дароо эле жетинчи класска өтүшөт.
Андан тышкары үчүнчү жана сегизинчи класстардын окуу пландарына өзгөртүүлөр киргизилет.
Эскерте кетсек, 2024-жылы 12 жылдык билим берүүгө өтүү планы бекитилип, анда класстан класска «секирик» жасоо каралган. Бирок, кийинчерээк бул планга өзгөртүүлөр киргизилген.



