7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Касым-Жомарт Токаев Садыр Жапаровду Курман айт майрамы менен куттуктады

175

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Курман айт майрамы менен куттуктады.

“Исламды жакшылыктын, жаратмандыктын жана гармониянын дини катары даңазалаган Курман айт – мусулман коомчулугун тынчтыкка жана ынтымакка, өз ара түшүнүшүүгө жана биримдикке чакырган улуу майрам. Бүткүл ислам үммөтү үчүн кубанычтуу бул майрамда биздин руханий биримдигибиз жана ынтымагыбыз бекемделсин.

Сизге зор бакыт, мамлекеттик ишмердүүлүгүңүзгө албан ийгиликтерди, ал эми боордош Кыргызстан элине бакубатчылык жана гүлдөп-өнүгүүнү каалайм.

Ыйык Курман айт береке алып келсин!”, — деп айтылат телеграммада.

176