7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Май 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Саламаттыкты сактоо министри бейтаптын ролунда улуттук госпиталды кыдырды

21

Саламаттык Сактоо министри Дамир Осмонов бейтаптарды кабыл алууну уюштуруу жана санариптик кызматтардын иши менен жеринен таанышуу үчүн Улуттук Госпиталдын консультациялык-диагностикалык бөлүмүнө барды.

Дамир Осмоновго талон алуудан баштап анализ тапшырууга чейин бир сааттын тегерегинде убакыт кеткен.

Бүгүнкү күндө Улуттук Госпиталдын аталган бөлүмүндө 6 каттоо терезеси иштеп, электрондук талон системасы, электрондук амбулатордук карталар, накталай эмес төлөмдөр жана QR-кызматтары колдонулууда.

Эртең мененки убакта бейтаптардын көп болушу көпчүлүк жарандардын жана аймактардан келген бейтаптардын бөлүм ачыла электе эле келип алышы менен байланыштуу. Улуттук Госпиталдын консультациялык-диагностикалык бөлүмү күн сайын өлкөнүн бардык аймактарынан келген 500дөн ашуун бейтапты кабыл алат.

Жыйынтыгында министр кезектерди азайтуу үчүн медкызматтарды санариптештирүүнү тездетүүнү тапшырды.

Буга чейин Улуттук ооруканада узун кезектин видеосу соцтармакка тараган.

 

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи Канал (@7kanal_official)

22