7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Май 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент: ЕАЭБ технологиялык өнөктөштүктүн жана биргелешкен инновациялардын аянтчасына айлануу үчүн бардык мүмкүнчүлүккө ээ

5

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 29-майда, Астана шаарында өтүп жаткан Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин кеңири курамдагы жыйынында сөз сүйлөдү.

Садыр Жапаров сөзүнүн башында Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаевди жана казак элин конституциялык реформанын ийгиликтүү өтүшү менен куттуктады.

Андан ары Мамлекет башчысы дүйнөлүк экономика геоэкономикалык атаандаштыктын күчөшү, технологиялык өзгөрүүлөрдүн ылдамдашы жана эл аралык кызматташтыктын моделдерин кайра карап чыгуу менен мүнөздөлгөн терең трансформация мезгилине кирип жатканын белгиледи.

Президент белгилегендей, бүгүнкү күндө улуттук экономиканын туруктуулугу, технологиялык көз карандысыздык, жеткирүү чынжырларынын коопсуздугу, азык-түлүк жана энергетикалык коопсуздук маселелери биринчи орунга чыгууда.

Мамлекет башчысы бүгүнкү күндө атаандаштык технологияларга жетүү үчүн гана эмес, аларды киргизүү ылдамдыгы, инновацияларды кеңейтүү жана экономиканын реалдуу секторунда натыйжалуу колдонуу жөндөмдүүлүгү үчүн да жүрүп жатканын баса белгиледи.

6