7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Астанада ЕАЭСтин энергетикалык кызматташтыгын өнүктүрүү маселелери талкууланды

20
2026-жылдын 29-майында Астана шаарында Евразия экономикалык биримдигинин энергетика тармагындагы ыйгарым укуктуу органдарынын жетекчилеринин кеңешинин жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди.
Иш-чаранын жүрүшүндө Министр Таалайбек Ибраев өз сөзүндө Кыргызстан ЕАЭС мейкиндигинде өз ара пайдалуу энергетикалык интеграцияны өнүктүрүүгө кызыкдар экенин белгилеп, энергетика тармагындагы биргелешкен долбоорлорду илгерилетүү маанилүү экенин айтты. “Өлкөлөр ортосундагы ишенимдүү кызматташтык энергетикалык туруктуулукту камсыздоонун жана аймактык өнүгүүнүн маанилүү фактору болуп саналат”,- деди министр.
Мындан тышкары, кыргыз тарап ЕАЭС өлкөлөрү менен конструктивдүү диалогду жана практикалык кызматташууну мындан ары да улантууга даяр экенин билдирди.
21