7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Түндүк — Түштүк альтернативдик жолу убактылуу ачылды

11

Түндүк — Түштүк альтернативдик жолу убактылуу ачылды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди.

Трасса ноябрь айына чейин ачык болот. Бул туристтик сезондо транспорттук жүктү азайтуу үчүн жасалууда. Сапарга чыккандар жолдон саат 06:00дөн 22:00гө чейин өтсө болот.
«Көгарт тоннелинен өтүү үчүн акы төлөш керек, унаанын түрүнө жараша 100 сомдон 5 миң сомго чейин алынат. Эми Жалал-Абаддан Балыкчыга 13 эмес, 6 саатта жетүүгө болот. Кышында жол кайра жабылат», — деп жазылат маалыматта.
Ушу тапта эстакадалык көпүрөлөрдүн, кар көчкүдөн сактай турган тосмолордун курулушу уланууда.
Жол толугу менен 2028-жылы ачылмакчы.
12