7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

1-июндан тарта жол эрежесин бузгандарды аныктаган жаңы камералар иштей баштады

228

2026-жылдын 1-июнунан тартып республика аймагында жол кыймылынын эрежелерин бузуу фактыларын автоматтык түрдө аныктоочу жаңы программалык-аппараттык комплекстер расмий түрдө ишин баштайт. Бул тууралуу ЖКККББнын Басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, аталган система «Кызмат» мамлекеттик мекемеси тарабынан иштелип чыгып, ЖКККББ алдындагы Техникалык борборго пайдаланууга берилген. Учурда республика боюнча комплекстер орнотула турган аймактарга тиешелүү жол белгилери, “Фотовидеофиксация” эскертүү белгилери жана ылдамдыкты чектөө белгилери коюлуп, даярдык иштери жүргүзүлүүдө.

Жаңы системалар төмөнкү жол эрежелерин бузуу фактыларын автоматтык түрдө каттайт:

– белгиленген ылдамдыкты ашыруу;
– коопсуздук курун тагынбоо;
– унаа башкарып бара жатып уюлдук телефон колдонуу;
– каршы тилкеге чыгуу.

Заманбап технологияларды киргизүү жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатууга, жол кырсыктарын азайтууга жана айдоочулардын жоопкерчилигин күчөтүүгө багытталган.
ЖКККББ айдоочуларды жол эрежелерин так сактоого чакырат.

229