7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Эми курулуш компаниялары көрктөндүрүү иштерине да жооп берет

219

1-июндан тарта курулуш компаниялары объектилерди куруу менен катар алардын айланасын көрктөндүрүүгө милдеттүү. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги билдирди.

Жаңы талаптарга ылайык, компаниялар кирүүчү жолдорду, тротуарларды, автоунаа токтотуучу жайларды куруп, тышкы жарыктандыруу жана жаан сууларын агызуу системаларын орнотууга, ошондой эле аймакты жашылдандырууга милдеттүү болот. Мындан тышкары, курулуш учурунда бузулган жолдорду калыбына келтирип, тургундарга жаралган ыңгайсыздыктарды жоюшу керек.

Министрликтин маалыматына ылайык, долбоорлорду кароодо бул талаптардын аткарылышы милдеттүү түрдө текшерилип, курулуш маалында көрктөндүрүү иштерине көзөмөл күчөтүлөт.

220