7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ак-Буура дарыясына түшүп кеткен баланын жансыз денеси табылды

278

31-май күнү Ош шаарындагы Ак-Буура дарыясына түшүп кеткен 2017-жылы туулган баланын жансыз денеси Өзбекстандын аймагынан табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош шаары боюнча башкармалыгы билдирди.

ӨКМдин маалыматына ылайык, баланы издөө иштерине жалпысынан 128 адам, анын ичинде куткаруучулар, милиция кызматкерлери, туугандары жана дрон тартылган.

Издөө-куткаруу иштеринин жыйынтыгында баланын сөөгү Ак-Буура дарыясынын Өзбекстандагы бөлүгүнөн табылган. Учурда маркумдун сөөгүн Кыргызстанга алып келүү боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө. Ата-энеси Өзбекстандын аймагына жөнөп кетишти.

 

279