Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына ылайык, жаңы киргизилген «Бала ырысы» жөлөк пулуна арыздарды кабыл алуу 2026-жылдын 1-июлунан тартып башталат.
Эске салсак, 21-майда президент Садыр Жапаров «Бала ырысы» жөлөк пулун киргизүү тууралуу жарлыкка кол койгон.
Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, өлкөдө 3 жашка чейинки 440 миңден 470 миңге чейин бала бул төлөмдү алууга укуктуу болот.
Программаны каржылоого мамлекет жыл сайын болжол менен 6,4 миллиард сом бөлүүнү пландап жатат. Ал эми программа 1-июлдан тартып ишке киргендиктен, 2026-жылы аны ишке ашырууга болжол менен 3,1 миллиард сом жумшалат.



