Бүгүн 3-июнда Баткен шаарында облустук прокуратуранын имараты ачылды.
“Баткен жергесинде ири иштер жүрүп жатат. Башкысы, чек ара – жүрөктү өйүгөн негизги маселе болчу, чек арабыз чечилди. Былтыр, 2025-жылы – мамлекеттик чек ара толук такталып, өлкөнүн аймактык бүтүндүгү аныкталган тарыхый жыл катары жазылды. Үч мамлекеттин чек араларынын кесилишкен чекитинде Түбөлүк достук жөнүндө Худжанд декларациясына кол коюлду. Бул Келишим – “күчтүн” эмес, акылдын жеңиши болду!”-деди Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Баткен облустук прокуратуранын жаңы имаратынын ачылышында.
МинКаб башчысы Баткен эли өтө оор сыноолорду баштан кечиргенин, эми ошол сыноолор артта калып, жаңы жашоонун эшиги ачылганы белгиледи.
Адылбек Касымалиев прокуратура кызматкерлерине кайрылып, мыйзамдын үстөмдүгүн камсыз кылуу, мамлекеттин жана жарандардын кызыкчылыктарын коргоодо адилеттүү иштөөгө чакырды.



